Шаурмадан 22 адам ууланды, бир адамдын абалы оор

Жалал-Абад шаарында 22 адам ууланып, ооруканага жаткырылды. Жалал-Абад шаарындагы массалык уулануу боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта бир бейтаптын абалы оор экени айтылат . Жабыркагандар шаурма жегенин айтышкан. Учурда Санэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлери эпидемиологиялык иликтөө иштерин жүргүзүүдө деп айтылат маалыматта.